Content-Length: 191462 | pFad | https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%B4%D0%BE%D0%BB%D1%8C%D1%84_%D0%93%D0%B8%D1%82%D0%BB%D0%B5%D1%80

Адольф Гитлер - Википедия Мазмунга өтүү

Адольф Гитлер

Википедия дан
Адольф Гитлер
нем. Adolf Hitler
Адольф Гитлер
Расмий портрети. 1938-жыл
2-август 1934-жыл — 30-апрель 1945-жыл
 
Туулган жылы: 20 -апрель 1989(1989-04-20)
Каза болгон жылы: 30 -апрель 1945(1945-04-30) ()
Атасы: Алоис Гитлер
Апасы: Клара Гитлер
Жубайы: Ева Браун
 
Аскердик кызматы
Наамы: *
 
Автограф: Кол тамгасы
Адольф Гитлер.

Адольф Гитлер (нем. Adolf Hitler) (20 апрель 1889, Браунау-на-Инне, Австро-Венгрия — 30 апрель 1945, Берлин, Нацисттик Германия) – фашисттик диктатор; Германиянын улутчул-социалисттик партиясынын жол башчысы (1921-жылдан фюрер), 1933–45-ж. рейхсканцлер, 1934-жылдан президенттик пост менен бириктирип алган. 1941-жылдан герман куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. 1934-ж. Германияда фашисттик-террордук режимди орнотуп, саясий атаандаштарынын бардыгын «узун бычактар түнүндө» жок кылган. Экинчи дүйнөлүк согушту түздөн-түз баштоочулардын бири, 1938-ж. Австрияны аншлюстаган жана Чехословакиянын Судет областын басып алган. Польшаны басып алуу үчүн Советтер Союзу менен кол салышпоо тууралуу пактыга кол коюп (1939), аны бузуу менен 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салууну уюштурган. Оккупацияланган аймактарда согуш туткундарын жана жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырып жоюунун (өзгөчө еврейлерди) негизги уюштуруучуларынын бири болгон. Советтик аскерлердин Берлинге кириши менен өзүн-өзү өлтүргөн. Нюрнберг процессинде Гитлер негизги нацисттик кылмышкер катары аныкталган.









ApplySandwichStrip

pFad - (p)hone/(F)rame/(a)nonymizer/(d)eclutterfier!      Saves Data!


--- a PPN by Garber Painting Akron. With Image Size Reduction included!

Fetched URL: https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%B4%D0%BE%D0%BB%D1%8C%D1%84_%D0%93%D0%B8%D1%82%D0%BB%D0%B5%D1%80

Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy