Content-Length: 110354 | pFad | https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9C%D3%A9%D0%BD%D0%B4%D2%AF%D1%80

Мөндүр - Википедия Мазмунга өтүү

Мөндүр

Википедия дан
Мөндүр.

Мөндүр — кичине томолок, ныкталган муз түрүндө жааган атмосфералык жаан-чачын. Өлчөмү 5– 55 мм, кээде андан да чоң болот. Күн жылуу маалда түшөт: аба алмашуунун натыйжасында төмөнкү катмардагы нымдуу жылуу аба жогору (5–6 кмге) көтөрүлүп, тез муздашы менен муз кристаллдарына айланат. Кристаллдар төмөн түшө баштаганда кездешкен ным алардын көлөмүн чоңойтуп, мөңгү бүртүктөрү пайда болот. Адатта, калың түрмөктөлгөн булуттан кууш, бирок узун (жүздөгөн кмге чейин) тилкеде чагылгандуу кара нөшөр менен кошо түшөт. Мөндүр көбүнчө мелүүн алкакта, түштөн кийин жаап, адатта, 5–10 мүнөт, чанда жарым саатка созулат. Уюлга жакын аймактарда мөндүр түшпөйт. Мөндүр эгинди, бак-дарактардын мөмөлөрүн, бүчүрлөрүн талкалап, айыл чарбага өтө зыян келтирет.

Булактар









ApplySandwichStrip

pFad - (p)hone/(F)rame/(a)nonymizer/(d)eclutterfier!      Saves Data!


--- a PPN by Garber Painting Akron. With Image Size Reduction included!

Fetched URL: https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9C%D3%A9%D0%BD%D0%B4%D2%AF%D1%80

Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy