Мазмунга өтүү

Азов деңизи

Википедия дан
Aзов деңизи.

Азов деңизи (лат. - Меот көлү, байыркы орусча - Сурож деңизи) - Атлантика океанынын алабындагы ички деңиз. Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүк бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркылуу Кара деңиз менен туташат. Аянты 39 миң км2. Тайыз деңиздерге кирет; эң терең жери 13 м. Түндүк жана түштүк жээктери дөбө-дөңсөөлүү, жардуу, батыш жана чыгыш жээктери негизинен ойдуңдуу. Жээктери булуң-буйткалуу, кумдуу саяңдар (Бердянск, Арабат Жебеси) жана булуңдар (Таганрог, Темрюк, Сиваш) көп. Дон, Кубань, Ея ж.б. дарыялары куят. Суусунун температурасы жайында 20-30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2-3 ай бою муз каптап жатат. Орточо туздуулугу 9дан 13,8%оге чейин. Балык (хамса, тюлька, лещ, судак көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. Волга-Дон каналы аркылуу Каспий, Ак, Балтика деңиздери менен туташат. Башкы порттору: Мариуполь, Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy