Мазмунга өтүү

Алжир шаары

Википедия дан
Алжир шаары.

Алжир шаары - (ар. Аль-Жазаир) - Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын борбору. Алжир вилайетинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Алжир булуңунун батыш жээгинде, Атлас тоо системасындагы Телль-Атлас кырка тоосундагы Журжур тоосунун капталында жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2005; Чоң Алжир агломерациясында 5,5 млн). Жер ортолук деңиздеги порт (жылына 23-29 о жүк ташылат). Эл аралык аэропорт Алжир - өлкөнүн ири өнөр жай жана маданий борбору. Машина куруу, тамак-аш (шарап, май), текстиль, химия, нефть ажыратуу өнөр жайы иштейт. Метрополитен, университет, улуттук китепкана, архив (1971), музей (алгачкы коомдун тарыхы жана этнографиясы), театр, ботаникалык бак бар. Кинематографиянын улуттук борборунда 1985-жылдан театралдык фестивалдары өткөрүлүп турат. 10-кылымда Икозиум тургун жайынын калдыгынын ордунда негизделген. 1830-1962-ж. Франция ээлигинин административдик борбору болгон. Касба-чеби (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) мунаралуу (1323). Чоң мечит (1096) мунаралары менен сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy