Мазмунга өтүү

Габсбургдар

Википедия дан

Габсбургдар - 1282-1918-ж. Австрияда, 1526-1918-ж. Чехияда жана Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516-1700-ж. Испанияда жана ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; Ыйык Рим империясынын императорлору (1742-45-жылдардан сырткары 1438-1806-ж. туруктуу башкарып келген). Габсбургдар тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-кылымдын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан габсбургдар графтар, 1135-жылдан Ортоңку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-ж. Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburqсе пилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-кылымдын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания жана анын Америкадагы колониялары) Габсбургдар бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин Габсбургдар австриялык жана испаниялык деген эки бутакка бөлүнүп кеткен.

1700-жылы Испаниянын баласыз королу Карл IIнин өлүмү менен Габсбургдардын испан бутагы токтолот. Испан тактысы француз Бурбон династиясына өткөн. Испан мурасы үчүн согушунун (1701-1714) натыйжасында европалык мамлекеттер испан тактысында Бурбон династиясын таанышкан. Испаниянын Европадагы ээликтери (Түштүк Нидерланддар, Италияда) австриялык Габсбургдарга өтөт.

Габсбургдардын эң акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916-18) учурда Австрия-Венгриянын Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүсү жана буржуазиялык революциянын жеңип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-ж. 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган габсбургдарды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо жана Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде габсбургдар тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy