Мазмунга өтүү

Гипотеза

Википедия дан

Гипотеза (грек. gypothesis – негиз, жоромол) — ырастыгы тажрыйбада али такталбаган кубулушту түшүндүрүү үчүн илимде пайдаланылуучу ыкма, метод.

Ар кандай илимде Гипотеза тааным процессинде башталып, илимдин өнүгүү жолдорундагы кыйынчылыктарды чечүүдө пайдаланылат. Гипотезанын чындыгы практикада, тажрыйбада текшерилет. Эгерде Гипотезанын натыйжалары тажрыйбага карама-каршы келсе, анда ал Гипотеза кабыл алынбай, анын ордуна жаңы Гипотеза сунуш кылынат.

Гипотезасыз эч бир илимий тармактын өнүгүшү мүмкүн эмес. Азыркы илимдин мүнөзү, илимий изилдөө экспериментинин татаалдыгы барган сайын теориялык ойлоого, Гипотеза көбүрөөк муктаж болууда.

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy