Мазмунга өтүү

Кайруан

Википедия дан
Кайруан

КайруанТунистин түндүк-чыгышындагы шаар.

Калкы 102 миң (1999). Кайруан магриб мусулмандарынын зыярат кылуучу жайы.

Шаар 670-ж. негизделген. 9-кылымда Аглабиддер мамлекетинин борбору болгон. 11-кылымда бедуиндер шаарды бүлгүнгө учураткан. 1881-ж. француз колониячылары басып алган. 1956-жылдан көз каранды эмес Тунистин курамында. Өлкөнүн маанилүү тарыхый, диний жана соода, кол өнөрчүлүк борбору. Килем токуу, булгаары буюмдарды жасоо жана тамак-аш өнөр-жай өнүккөн. Түндүк Африкадагы эң эзелки Сиди-Окба мечити (670ж. курулуп, 836-ж. кайрадан салынган; бир нече жолу толукталып, 13жана, 17-кылымда, андан кийин да реставрацияланган) сакталган.

pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy