Мазмунга өтүү

Мария Стюарт

Википедия дан

Мария Стюарт (8. 12. 1542, Шотландия, Линлитгоу – 8. 2. 1587, Англия, Нортгемптоншир графтыгы, Фотерингей сарайы, сөөгү Вестминстер аббатчылыгына коюлган) – 1542–67-жылдары (иш жүзүндө 1561-жылдан) Шотландия королевасы. Стюарттар династиясынан Шотландия королу Якоб Vнин кызы. Атасы өлгөн соң (1942), такка отурган (1943). 1548–61-жылдары Францияда жашаган, 1558-жылы француз дофини келечектеги король Францискге күйөөгө чыккан. 1559–60-жылдары Юраев Франциск IIнин жубайы катары Франция королевасы болгон. Жесир калгандан кийин 1561-жылы Шотландияга кайтып келип, ошол эле кезде католик ак сөөктөрүнүн колдоосу боюнча англиялык тактыга (Генрих VII королунун чөбөрөсү катары) талапкер болгон. Шотландиядагы Англия колдоп турган протестантизмге расмий түрдө жол бергени менен Мария Стюарт католиктерге колдоо көрсөтүп, Римдеги папа менен байланыштарын үзгөн эмес. Экинчи күйөөсү – лорд Дарнлини өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп, 1567-жылы тактыны өзүнүн уулуна (шотландиялык король Яков VI; 1603-жылдан Англия королу Яков I) өткөрүп берип, шотландиялык кальвинчилер тарабынан куулуп, Англияга качкан. Мария Стюарт Англия Королевасы Елизавета Iге каршы бир нече жолу кутум уюштурууга катышкандыгы үчүн Елизавета I тарабынан түрмөгө камалган жана Фотерингей сарайында өлтүрүлгөн. Шиллердин «Мария Стюарт» трагедиясы, Гаэтано Доницетти менен Сергей Слонимскийдин «Мария Сюарт» операсында анын образы идеалдаштырылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy