Натурализм
Натурализм (лат. natura – жаратылыш) – Коомдун өнүгүшүн жаратылыш мыйзамдары (климаттык шарттар, географиялык чөйрө, космостук телолордун нурлары аракеттери, адамдардын биологиялык-генетикалык жана расалык ж. б.) өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүүгө аракет жасаган философиялык методологиялык принцип. Натурализм коомдун өнүгүшүнүн өзүнө гана таандык объективдүү мыйзам ченемдерин көрө билбеген антропологизмге жакын. Философиялык натурализм 17–18-кылымда спиритуализм менен күрөшүүдө чоң роль ойногон, соңунда өзү реакциячыл-идеалисттик багытка ыктап кеткен.
19-кылымдын экинчи жарымында калыптанган эстетикалык көз караштардын, ага ылайык келген көркөм медоддун системасы. Натурализмдин философиялык негизи позитивизм (Конт, Спенсер И. Тэн ж. б.). Натрализм көркөм чыгармачылыкты дүйнө процесстеринин тереңине, манызына сүңгүп отурбай эле кокустук, жеке предметтерди жана кубулуштарды түздөн-түз көчүрмөлөөгө алып барат. Эстетикалык натурализм концепциясынын карама-каршылыктуулугу көбүнчө Э. Золянын чыгармачылыгы («Эксперименталдык роман» 1880, «Театрдагы натурализм» 1881 ж. б.) менен биологиялык жана социалдык кубулуштардын теңдештиги, искусствонун мораль менен саясаттан көз карандысыздыгы туурасында теориялык айткандарына карама-каршы келгенинен көрүнөт. Натурализмге физиологизм, жөнөкөй алаксуу, мелодрамизм, сырты жылтырактык, ж. б. мүнөздүү. Натурализмдин жайылтуучулары түз же кыйыр түрдө жактаган социалдык пассивдүүлүктү, социалдык күрөштөн баш тартууну, адамдардын кайгы-кубанычына кайдыгерлик, адам турмушуна өзгөчө кызыгуусу искусствонун формалистик багытына жакындаштырат.
Этикада натурализм 20-кылымдын моралы негизделген методологиялык принциптер үчүн моралдык түшүнүктөр, айрым алганда жакшылык адам болмушунун коомдук мыйзамдарынан келип чыкпайт, анын кээ бир табигый башаттан (космостун, органикалык дүйнөнүн, биологиясынын жана адам психологиясынын мыйзамдарынан келип чыгат). Этикадагы натурализмге гедонизм, эвдомонизм, утилитаризм, эволюционизм ж. б. кирет. Азыркы күндө да көпчүлүк мектептер моралдын түшүнүктөрүн табигый билимдердин түшүнүктөрүнөн жана антропология менен психологиядан алып чыгарышат.
Мисалы: космикалык теологиянын этикасы, адеп-ахлак сезимдеринин, кызыгуунун теориялары. Натурализм биринчи жолу Мур тарабынан сынга алынган. Ал жана аны жактоочулар моралдык түшүнүктөрдү «табигыйдан» алып чыгарууга болбойт дешкен. Алар табигый дегени өтө кеңири түшүнүк, ага бүт моралдан сырттагы анын ичинде социалдык кубулуштарды да киргизет. Натыйжада мораль менен этика коом менен адам жөнүндөгү илимдерден ажырап калат. Бул бүткүл формалисттик багытка таандык. 20-кыдымдын 40–50-жылдарында формализм жана неопозитивизм менен талаш тартышка чыккан бир катар эмгектер пайда болду. Бул сын теориясында прогрессивдүү материализмдин элементтери бар болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8