Мазмунга өтүү

Спиннер

Википедия дан
Спиннер
Spinner
Негиги маалыматтар
Башка аталыштары

фижет спиннер, айланма, кол үчүн айланма /
англ. fidget spinner, hand spinner

Түрү

Антистресстик оюнчук

Ойлоп чыгарган

Кэтрин Хеттингер

Чыгарылган жылы

1990-жыл

Өлкөсү

 АКШ

Активдүүлүгү

2017 — азыркы учурда

Формасы

ар түрдүү

Спиннер Уикиказынада
Спиннердин айлануусу
Күйүүчү спиннер

Спиннер (англ. Spinner) — Көңүл ачуучу жана антистресстик машыгуучу, эки же андан ашык канатчадан турган, колго ылайыкталган оюнчук. Аны иштетүү үчүн ортосундагы тегеректи эки манжа менен басып, канатчаларды күүгө салса, 1,5-2 мүнөт аралыгында тынымсыз айланат. Спиннерди иштеп чыккандар ал адамдагы кыжырданууну азайтып, ойду топтогонго жана стресстен арылууга жардам берерин айтышат. Бирок психологдор "балдардын спиннерге болгон берилүүсү жашоодогу башка маанилүү нерселерди 2-орунга жылдырып коюусуна түрткү болушу мүмкүн" дешет. Аталган оюнчук мындан 27 жыл мурда ойлоп табылса да, өз убагында кызыкчылык жарата алган эмес. Былтыр декабрда "Forbes" журналында спиннер тууралуу "2017-жылы керек болчу кеңсе оюнчугу" деген макала жарык көргөн. Андан көп өтпөй март айында YouTube’дун колдонуучусу тарабынан спиннер менен кантип ойноо керектиги жөнүндө видео тарап кеткен. Ошентип бул оюнчук миллиондордун көңүл чордонуна чыкты. Спиннер 8 жаштан өткөн балдарга арналган. Аны түрүнө жараша 200дөн 750 сомго чейин сатып алса болот.

pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy