Гирин
Өлкө | |
---|---|
Статусу | |
Административдик борбор |
Гирин шаары (1949-1954) |
Ири шаары | |
Губернатор | |
Партком секретары | |
Расмий тили | |
Калкы (21) |
27.462.297 (21-орунда) |
Жыштыгы |
140 адам/км² (23-орунда) |
Улуттук курамы | |
Аянты |
191.126 км² (14- орунда) |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Убакыт аралыгы |
UTC±8:00 |
Коду ISO 3166-2 |
CN-22 |
Расмий сайты | |
Гирин Уикиказынада | |
Гирин (кытайча: 吉林; пиньинь: Jílín) — Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан провинция. Ал чыгышынан Түндүк Корея жана Орусия, түндүгүнөн Хэйлунцзян провинциясы, түштүгүнөн Ляонин провинциясы, батышынан Ички Монголия менен чектешет.
"Гирин" аты манжур тилинде "дарыянын боюнда" маанисин билдирген "girin ula" термининин кытайча транскрипциясы "jilin wula" (кытайча (жөнөкөйлөштүрүлгөн): 吉林乌拉; кытайча (салттуу): 吉林烏拉) деген сөздөн чыккан деп болжолдонууда. Бул транскрипциянын кытай тилиндеги тике мааниси - "берекелүү токой". Ханью Пиньинь транслитерация системасы расмий колдонууга киргизилгенге чейин Гирин провинциясынын аты батыш тилдеринде Кирин деп жазылып калган.
Гирин провинциясынын курамына бул сөздүн омоними болгон Гирин шаары кирет, бирок провинциянын борбору жана эң чоң шаары Чанчунь болуп саналат. Экинчи Дүйнөлүк Согуштун тарыхында Чанчунь "Хинкинг" (кытайча: 新京; пиньинь: Xīnjīng, "жаңы борбор") деген ат менен жапондор орноткон Маньчжуко куурчак режиминин борбору катары кызмат кылганы менен белгилүү.
Административдик структура
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гирин провинциясында сегиз префектуралык шаар жана бир автономдуу провинция бар, алар жалпысынан тогуз түрдүү провинциялык административдик бөлүнүштөн турат.
Гирин провинциясынын административдик бөлүмдөрү | |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Кыргызча аталышы | Кытайча аталышы | Пиньинь | Статус | ||||||
Чанчунь | 长春市 | Chángchūn shì | Субпровинциялуу шаар | ||||||
Байчэн | 白城市 | Báichéng shì | Шаар округу | ||||||
Байшань | 白山市 | Báishān shì | Шаар округу | ||||||
Гирин | 吉林市 | Jílín shì | Шаар округу | ||||||
Ляоюань | 辽源市 | Liáoyuán shì | Шаар округу | ||||||
Сыпин | 四平市 | Sìpíng shì | Шаар округу | ||||||
Сунъюань | 松原市 | Sōngyuán shì | Шаар округу | ||||||
Тунхуа | 通化市 | Tōnghuà shì | Шаар округу | ||||||
Яньбянь-Корей АО | 延边朝鲜族自治州 | Yánbiān cháoxiǎnzú zìzhìzhōu | Автономиялуу округ |
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2010-жылдагы Кытайдын Улуттук эл каттоосуна ылайык, Гириндин жалпы калкы 27 452 815 адамды түзөт[1].
Этникалык курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гириндеги негизги этникалык топтор:
Этникалык топтор | Калкы |
---|---|
Кытайлар | 25 267 110 |
Корейлер | 1 040 167 |
Манжурлар | 866 365 |
Монголдор | 145 039 |
Хуэйлер | 118 799 |
Калктын динамикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1954-жыл — 11,77 млн киши[2]
- 1964-жыл — 15,67 млн киши[2]
- 1982-жыл — 22,56 млн киши[2]
- 1990-жыл — 24,66 млн киши[2]
- 2000-жыл — 27,28 млн киши[2]
- 2005-жыл — 27,16 млн киши[2]
- 2010-жыл — 27,47 млн киши[2]
- 2020-жыл — 24,07 млн киши[3]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 . Текшерилген күнү 15 -июнь (кулжа) 2020. Түп булактан архивделген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
- ↑ 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 2.5 2.6 Веремейчик А. С. Демографическое развитие Северо-Восточного Китая (1949—2010 гг.) // Ойкумена. Регионоведческие исследования. — 2011. — № 4. — С. 47—48
- ↑ National Bureau of Statistics of China. Communiqué of the Seventh National Population Census-Population by Region (англ.) (11 May 2021).
|